Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 3
Жумгал айыл ѳкмѳт башчысын шайлоодо АШК нын протоколун кароо жѳнүндѳ
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу “ жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ ” Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиянын 2018-жылдын 23-ноябрындагы №211 токтомуна ылайык, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 11-июнь күнү белгиленген.
Жумгал айылдык Кенешинин 2021-жылдын 11-июнундагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, шайлоого айылдык кенештин 11 депутатынын жыйынтыгы менен талапкерлердин алган добуштарытѳмѳндцгүдѳй болду
Болоталиев Узак Сталбекович - 6 добуш
Санташов Тариэл Салдатбекович – 5 добуш
Шайлоонун жыйынтыг менен Болоталиев Узак Сталбекович – 6 добушка ээ болду
Баардык талапкерлерге каршы – жок Жараксыз юбюллетень – жок
Жогорудагы шайлоонун жыйынтыгынын жүрүшүн карап, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Болоталиев Узак Сталбекович Жумгал АШК нын жыйынтык протоколуна ылайык 6 добуш алгандыгы белгиленсин.
2.Шайлоо мыйзам чегинде ачык айкын ѳттү деп табылсын.
3. Бул токтомду райондук аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.
Төрага: | Э.Бектурсунов |