Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги 4 - сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 4
Жумгал айыл аймагында айдоо жерлерди трансформацияга сунуштоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн “Суу баскан айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлѳрүнѳ которууга(трансформациялоого) мороторий киргизүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнѳ киргенге чейин жеке турак үйлѳр курулуп калган же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ыйгарым укутуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлерининжер участокторун которуунун(трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү жѳнүндѳ 31.10.2018-ж № 512 токтомунун негизинде, Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Жумгал айыл аймагынын калк отрукташып калган тѳмѳндѳгү участоктогу № 1440 контрунда жайгашкан жалпы аянты 26,50 га сугат айдоо жеринин ичинен 10,90 га суу баскан айдоо жер аянтына турак-жай салынып калгандыгына байланыштуу, калктуу конуш категориясына которууга(трансформациялоого) сунушталсын.
2. Бул токтомдун негизинде, трансформацияга тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси Санташов Тариэлге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага: | Э.Бектурсунов |