Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин 27- чакырылышынын кезексиз 14 - сессиясы
2017-жылдын 19-декабры № 14
Жумгал айылындагы М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин жылуулук берүүчү системасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салым кошуу жөнүндө
Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинин жылуулук берүүчү системасы капиталдык ондоого муктаж болгондугун эске алып, капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн өздүк салым кошуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы С.Капарбековдун сунушун угуп, талкуулап канаттандыруу максатында, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары токтом кылат:
1.Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштырууга капиталдык ондоодон өткөрүүгө түрткү берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга Жумгал айыл өкмөтүнүн мектептин жылуулук берүүчү системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча колдоого алынса 702746(жети жүз эки мин жети жүз кырк алты) сом бөлүштүрүлсүн.
2.Жумгал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2018-жылы долбоорго кечиктирилбей каржылансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы С.Капарбековго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |