Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х-сессиясы
2021-жылдын 9-декабры № 10/2
Кара-Суу айыл аймагынын жаштар иштери боюнча коомдук консультативдик кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында жаштар иштери боюнча коомдук консультативдик кеңешинин жобосун бекитип берүү боюнча Ак-Талаа айылынын тургуну Өмүрбек уулу Рахматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын жаштар иштери боюнча коомдук консультативдик кеңешинин жобосун бекитилсин
2. Кара-Суу айыл аймагынын жаштар иштери боюнча коомдук консультативдик кеңешинин жобосуна ылайык иш алып баруу жагы Ак-Талаа айылынын тургуну Өмүрбек уулу Рахматка милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Сапарбек уулу |