Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ-сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 9-2
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө орто мектебинин спорт залын жылуулоо иштерин дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө орто мектебинин спорт залын жылуулоо боюнча дем берүүчү гранттын эсебинен 3 000 000 (үч миллион) сомго иштерди аткаруу боюнча демилгелүү топтун лидери Жумалиева Жазгүлдүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 15% 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай түрүндө Кызыл-Дөбө орто мектебинин спорт залын жылуулоо долбооруна 2022-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Асыркул кызы Т |