Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ-сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 9/3
Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы кичи футбол аянтчасына Сагынбек Ашкеевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы кичи футбол аянтчасына Сагынбек Ашкеевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Орток айылынын 19.10.2021-жылдагы 74 тургуну катышкан элдик чогулуштун чечими менен таанышып жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Орток айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы кичи футбол аянтчасына Сагынбек Ашкеевдин ысымын ыйгарылсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы кичи футбол аянтчасына Сагынбек Ашкеевдин ысымын ыйгарууга тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Асыркул кызы |