Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-июлу № 1
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2020-жылдын 02-июлундагы болуп өткөн VII-чакырылышынын 3-сессиясында Өзгөрүш айылдык кенешинин депутаты Ш. Ногоевдин мөмө жемиш кургатуучу цехти арендага жана андан ары менчикке берүү боюнча сунушун угуп, талкуулап чыгып, Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагында мөмө жемиш кургатуучу цех ижарага Шадыканов Каныбек Асановичке 10 жылдык мөөнөткө, мөөнөтү аяктагандан кийин жеке менчикке берилсин.
2. Ижарага берүү келишими Өзгөрүш айыл өкмөтү менен түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Төлөшовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Атамбеков |