Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2021-жылдын 30-январы № 269
Айыл аймагындагы Терек көчөсүнүн атын кайра атоо жөнүндө
Айылдык Кеңештин төрагасынын айыл аймагындагы Терек көчөсүнүн атын кайра атоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Терек көчөсү Адылбеков Сүйүнтбек атындагы көчө болуп кайра аталсын.
2. Көчөгө ат ыйгаруу боюнча тиешелүү документтерди даярдоо жагы арыз ээлерине милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Асанов |