Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2021-жылдын 30-январы № 271
А.Медетов атындагы маданият үйүнүн ремонтуна түзүлгөн сметаны өзгөртпөстөн заманбап башка түрлөрү менен ремонтоого уруксат берүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын А.Медетов атындагы маданият үйүнүн ремонтуна түзүлгөн сметаны өзгөртпөстөн заманбап башка түрлөрү менен ремонтоого уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Медетов атындагы маданият үйүнүн ремонтуна түзүлгөн сметаны өзгөртпөстөн төмөндөгүдөй заманбап башка түрлөрү менен ремонтоого уруксат берилсин. Алар:
- Маданият үйүнүн тышкы дубалдарынын бетине смета боюнча каралган жалпы аянты 460 м2 жөнөкөй шыбактын ордуна декор шыбагы менен шыбап берүүгө;
- Жалпы аянты 215 м2 жыгач полдун ордуна заманбап 34 класстагы ПВХ( калыңдыгы 2 мм, коргоочу катмары 0,7 мм) материалы менен полдоп берүүгө;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Т. Асанов |