Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2021-жылдын 30-январы № 272
Жер салыгынын ставкаларын көтөрүү жана таштанды жүктөгөн айыл тургунунун кызмат көрсөтүүсүнүн кызмат акысын белгилөө жөнүндө
Жер салыгынын ставкаларын көтөрүү жана таштанды жүктөгөн айыл тургунунун кызмат көрсөтүүсүнүн кызматт акысын белгилөө жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Айылдык Кеңештин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштанды ташуу боюнча трактористин жанындагы жүктөгөн баланын кызмат көрсөтүүсүнө акы катары ар бир түтүнгө таштанды ташып чыгарууга айына 20 сомдон, 1 жылга 240 сом акча каражаты чогултулуп берилсин ;
2. Жер салыгы 1 га сугат жерге 400 сом, 1 га кайракы жерге 100 сом, 1 га шалбаа жерге 50 сом өлчөмүндө белгиленсин;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Т. Асанов |