Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмесинин токтому
2020-жылдын 22-октябры № 175
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Эдилов Улукмырзанын жазган арызын карап, талкуулап чыгып, жер комитеттеринин изилдөө актысынын негизинде Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү кезексиз кеңешмеси
Токтом кылат:
1 .Манас айылынын тургуну Эдилов Улукмырзанын жазган арызынын негизинде Өмүралиев айыл аймагынын тескей бетиндеги Кең-Өзөн участкасындагы Ак-Төлгөндүн оозундагы эски таш короонун ордунан 10сотых жерге сарай салууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Кеңештин төрагасы: | У.Алмолдоев |