Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз бешинчи кезектүү кеңешмесинин токтому
2021-жылдын 26-январы № 181
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Кыдыралиева Орунбү Бердигуловнанын көп жылдан берки үзүрлүү эмгегин баалап, пандемия учурунда талыкпай эмгектенгендиги үчүн жана Иманалиев Талантбек Касымбековичтин билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз бешинчи кезектүү кеңешмеси токтом кылат:
1. Манас айылынын тургундары Кыдыралиева Орунбү Бердигуловнага жана Иманалиев Талантбек Касымбековичке Өмүралиев айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Кеңештин төрагасы: | У.Алмолдоев |