Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмесинин токтому
2021-жылдын 9-февралы № 182
Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык түзүлгөн келишимдин типтүү формасы менен таанышып,талкуулап чыгып Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезексиз кеңешмеси токтом кылам:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар” жөнүндөгү токтомун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн келишимдин типтүү формасы макулдашылсын жана бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | У.Алмолдоев |