Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмесинин токтому
2021-жылдын 9-февраль № 185
Ш.Жумалиевдин арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Жумалиев Шаршенбектин арызын карап талкуулап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмеси токтом кылат:
1. Короо-сарай салуу үчүн “Бешбулак”өзөнүндөгү Карыпбайдын сарайынын жанынан 0,10га жер бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |