Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмесинин токтому
2021-жылдын 9-февраль № 186
Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Манас айылынын тургуну Молдокулов Турусбектин жазган арызын карап талкуулап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз алтынчы кезектүү кеңешмеси токтом кылат:
1. Манас айылынын тургуну Молдокулов Турусбектин жазган арызынын негизинде мончо сарайдын жанындагы эски сарайдын жанынан 6 соту жер сарай салуу үчүн берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |