Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 37 кезексиз кеңешмесинин токтому
2021-жылдын 21-апрели № 189
Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы эркин каражатынын калган 1000,0 млн.сомду бөлүштүрүү жөнүндө
2020-жылдагы эркин каражаттан калган 1000,0 млн.сомду угуп жана талкуулап , Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз жетинчи кезексиз кеңешмеси токтом кылат:
1. Манас айылынын тургуну Рыскулов Дайыр боор ооруусу менен ооруп жаткандыктан Индия мамлекетине операция жасатуу учун барууга жардам катары 100,0 мин сом , Манас айылынын тургуну үй-шарты начар оорукчан жаран Бейшеналиева Гулнарга 100,0 мин сом, үйү жок жараныбыз Манас айылынын тургуну Сабатарова Назгулдүн ооруулуу баласы үчүн жардам 58,0 мин сом, Ак-Сай таза суусунун кароолчусу жашай турган там салып берүүгө 255,0 миң сом, Манас айылындагы жаңы ачыла турган бала бакчанын айланасын курчоо үчүн 320,0 миң сом, АВП га трубаларын алууга 40,0 миң сом, айыл өкмөттүн конторасына архив кабинетин жасоого 44,0 миң сом, жаштар арасында өтүлүүчү эркин күрөш жана жеңил атилетика боюнча мелдештерине 20,0 миң сом, улакчы Майтыков Максатка ат мингизүү үчүн 13,0 миң сом , аппарат тармагынын иш сапар чыгымына 50,0 миң сом бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышына козөмөл жүргүзүү жагы Өмүралиев айыл Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага: | У.Алмолдоев |