Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз жетенчи кезексиз кеңешмесинин токтому
2021-жылдын 21-апрель № 192
Өмүралиев айыл аймагындагы А.Оторбаев атындагы орто мектебинин директору С.Токтогазиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз жетинчи кезексиз кеңешмеси токтом кылат:
1. 1993-жылы А.Оторбаев атындагы орто мектебине бөлүнгөн 3,9 га жер тилкеси мектепке кайрадан өздөрүнүн пайдалануусу үчүн кайтарылып берилсин.
2. Аталган токтом менен иш алып баруу жана максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы мектептин директору С.Токтогазиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага: | У.Алмолдоев |