Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 25-июлу ПЖ № 393
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы
"Кыргыз Республикасынын токой фондусунун жерлеринде өскөн
өзгөчө баалуу жыгач породаларды кыйууга, кайра иштетүүгө
жана сатып өткөрүүгө мораторий киргизүү жөнүндө"
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралу
Өзгөчө баалуу жыгач породаларын кыйууга, кайра иштетүүгө жана са-
тып өткөрүүгө мораторий киргизгенге чейин мындай токой продукциясын
мыйзамда белгиленген тартипте сатып алган ишкерлерди колдоо жана жого-
руда аталган секвестрленген продукцияны рационалдуу пайдалануу макса-
тында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы №
331 "Кыргыз Республикасынын токой фондусунун жерлеринде өскөн өзгөчө
баалуу жыгач породаларды кыйууга, кайра иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө
мораторий киргизүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-
луктоолор киргизилсин:
Жарлыктын мамлекеттик тилдеги текстиндеги преамбулада "Жаныбарлар"
деген сөз "Өсүмдүктөр" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлыктын 1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи
абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун биринчи абзацынын жоболорунун аракети, өзгөчө баа-
луу жыгач породаларын кайра иштетүү, сатып өткөрүү жана алып чыгуу
бөлүгүндө, мурда, ушул Жарлык күчүнө киргенге чейин, ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдар тарабынан секвестрленген, жеке жана юридикалык
жактар тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте сатылып алынган Кыргыз
Республикасынын токой фондусунун жерлеринде өскөн өзгөчө баалуу жыгач
породалардын токой продукциясына таркатылбайт деп белгиленсин";
- 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- өзгөчө баалуу жыгач породалардын секвестрленген токой продукци-
ясын сатып өткөрүү комиссиялык тартипте жүзөгө ашырылсын, комиссиялар-
дын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, жер-
гиликтүү кењештердин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекет-
тик агенттигинин, прокуратура жана ички иштер министрлигинин органдары-
нын өкүлдөрү киргизилсин;
- жогоруда аталган токой продукциясын сатып өткөрүү, кайра иштетүү
жана Кыргыз Республикасынын чектеринен сыртка алып чыгуу үчүн ушул Жар-
лык күчүнө кирген күндөн тартып үч ай мөөнөт белгиленсин".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев