Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 04-марты № 1/11
Күнтуу айыл аймагындагы айылдарга демөөрчүлөр менен ар кандай социалдык объектилерди салуу боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу айылдарга демөөрчүлөр менен социалдык объектилерди салуу иштери боюнча жергиликтүү жамааттын өкүлү Корголдоев Таалайбек Ишенбекович иш алып барсын жана Күнтуу айылдык кеңештин чечими менен төмөнкү социалдык объектилер салынсын:
1. Күнтуу айылына спорт комплекси жана 90-орундук оорукана салынсын;
2. Кичи-Шалта айылына таза суу киргизгенге жардам берилсин;
3. Шалта жана Чон-Жар айылдарына элдин муктаждыгына жараша көмөк көрсөтүлсүн;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиев социалдык объектилердин документтерин тактап берсин.
3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
2. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрагасы | А. Ахматалиев |