Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-апрели № 1/1
“Күнтуу айылдык Кеңешинин нормативдик ченемдик актылары боюнча”
Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 1 отуруму күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык Кеңешинин баардык иш кагаздары Кыргыз Республикасынын нормативдик ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн;
2. Жооптуу катчы Э.Тайгараева бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын;
3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңешинин отурумуна төрагалык кылуучу | М.Тобоев |