Загрузка документа…
Тиркеме № 1 Күнтуу айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги I- отурумунун № 1|8 токтому менен бекитилди Күнтуу айылдык Кеңешинин төрагасы ________________ Э.Иманалиев |
Күнтуу айылдык кеңешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актылары ушул регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөөрү болот.
Айылдык кеңештин Регламенти, айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 беренелерине ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык- экономикалык өнүктүрүүнүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык деңгээлдеги программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фондтордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- кеңештин регламентин кабыл алуу;
- кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- айылдык кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама- каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;
2.2. Пунктун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кеңештин биринчи отуруму.
3.1. Айылдык Кеңештин биринчи отуруму мурда шайланган кеңештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи отурумун карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү отурумга катышкан учурда айылдык кеңештин отуруму өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык кеңештин биринчи отурумунун күн тартибине кеңештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы кеңештин структурасын түзүү жана кеңештин ишине тиешелүү зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Төраганы шайлоо айылдык кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары айылдык кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык кеңештин биринчи отурумунун чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Отурумга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш беруунун эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасына талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир талапкер боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бусулган бюллетендер» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, отурумда бекитилет.
4.7. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен отурумга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык кеңештин төрагасы болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
4.9. Отурумга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык кеңештин депутаты төраганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеңешинин отурумдардын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кеңештин отуруму.
5.1. Кеңештин отуруму ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кенештин төрагасы отурум өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана отурум өтүүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле отурумда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кенештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей таратылат.
5.3. Кенештин кезексиз отуруму кеңештин төрагасы, кеңештин туруктуу комиссиялары же кенештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз отурумду чакыруу сунушун жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз отурумду өткөрүү зарылдыгы тууралуу кеңештин төрагасына берилет.
5.5. Иш-план боюнча кеңештин отурумуна материалды, иш-планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кеңештин чечими же кеңештин төрагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрдөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги отурумдун күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) отурум болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кеңештин катчысына жазуу түрүндө берилиши керек.
5.8. Айылдык кеңештин отурумунда каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык кеңештин отуруму коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык отурумга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык отурумду өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык кеңештин отурумынын күнү, убактысы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын отурумга кирүүсү үчүн баардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
VI. Айылдык Кеңештин отурумунун жумушчу тобу.
6.1. Айылдык кеңештин отуруму, отурум учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептөө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар отурумга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Отурумдун секретариаты айылдык кеңештин аппараты менен бирдикте, отурумдун жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдүн, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын отурумдагы алып баруучуга тапшырат. Катчылык отурумдун регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
6.3. Катчылык айылдык кеңештин аппараты менен бирдикте отурумдагы материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Отурумдун күн тартиби жана иштөө тартиби.
7.1. Отурумдун күн тартиби жана иштөө тартиби айылдык кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык кеңештин депутаттарынын отурум учурундагы укуктары жана милдеттери.
8.1. Отурумдун жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга;
8.3. Отурумдун токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме, ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн отурумдун чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Отурумдун регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга отурумдун жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт);
8.8. Отурумдун ишине активдуу катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
IХ. Кеңештин чечимдери.
9.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, отурумга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеңештин отурумуна катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
9.3. Отурумдун жүрүшүндөгү маселелер боюнча кеңеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго кеңештин төрагасы кол коёт.
9.4. Кеңештин депутаты кеңештин отурумунда кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү кеңештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору отурумга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.7. Айылыдк кеңештин чечими айыл аймагында аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттуу.
9.8. Кенештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Х. Айылдык кеңештин төрагасы.
10.1. Кенештин отурумун чакырат жана төрагалык кылат. Кеңештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коёт, аларга көзөмөлдүк кылат.
10.2. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга расмий өтүнүч жасайт.
10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коёт.
10.6. Кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде кеңешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.8. Айылдык кенештин төрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө жаңыдан чакырылган кеңештин биринчи отурумуна чейин аткарат.
ХI.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
11.1. Төраганын орун басары кеңештин төрагасы жок болуп калган жана төрага өз функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда кеңештин төрагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.
ХII. Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кеңештин катчысынын милдетин айылдык аймактык жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айылдык аймактын катчысы айылдык Кенешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш- планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кенешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзөт.
12.8. Кенештин отурумунун материалдардын даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды отурумга катышууга чакырат.
12.10. Отурумга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Отурумдун токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.
Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кенеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдуу чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:
- кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жонундо отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
- жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кенештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш -планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
Х.IV Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кеңештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу кеңештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кеңеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.
ХХIII. Жергиликтүү кеңештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 21 депутатты түзөт.
ХХIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесинин негизинде жүргүзүлөт.
ХХV. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби.
25.1. Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык кеңештин регламентин, типтүү регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин кеңештин отурумунда бекитүүгө коюлуп, отурумга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.