Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-январы № 31-27/13
«Жерди өткөрүү жөнүндө»
Сокулук райондук комиссиясынын 2020-жылдын 25 декабырындагы жер тилкелерин өткөрүп берүү боюнча корутундусунун негизинде, аянты 0,8 га болгон №464 контурундагы (башка жерлер) "Жер жана айыл чарба багыттары" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери энергетика, коргонуу жана башка максаттар", категориясына которуу үчүн берилген жер участогунун материалдарын карап чыгып,
Жаны-Жер айылдык кенешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аянты 0,8 га болгон №464 контурундагы (башка жерлер) "Жер жана айыл чарба багыттары" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери энергетика, коргонуу жана башка максаттар", категориясына которууга уруксаат берилсин.
2. Жаны-Жер айыл өкмөтү жерге жайгаштыруу ишин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтсүн.
Жаны-Жер айыл кеңешинин төрагасы | А. Бердигулов |