Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 19-февралы № 154
Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кенешинин 2021- жылдын 28- сентябрындагы № 11, 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 9, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ыйлайык)
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү, аларды жеке жактардын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырууга уруксат берилүүчү өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын төмөнкү категориялары бекитилсин:
Олимпиадалык оюндардын чемпиондору;
Олимпиадалык оюндар программасына кирген спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору.
Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуянын жүрүшүндө каза болгондун үй-бүлөсүнө.
2021-жылдын 28-30-апрелинде өткөн Баткен окуясында курман болгон, “Эрдик” мамлекеттик сыйлыгы менен курман болгондон кийин сыйланган, Бишкек шаарында каттоосу жок прапорщиктин жесири.
2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын менчигинде кыймылсыз объекти жоктор;
Бишкек шаарынын мэринен Бишкек шаарында муниципалдык батир алууга сертификат алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары;
2023-жылдын Азия оюндарынын чемпиону болгон Бишкек шаарынын ОРБӨАМсынын тарбиялануучулары жана өзүнүн менчигинде же аны менен бирдикте жашаган үй бүлө мүчөлөрүнүн, жакын тууганынын менчигинде кыймылсыз объекти жоктор.
(Бишкек шаардык кенешинин 2021- жылдын 28- сентябрындагы № 11, 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 9, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 105) токтомдорунун редакцияларына ыйлайык)
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык мүлк маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Б. Абиров |