Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-июлу № 5/II-28
Кең-Булуң айыл аймагына муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Кең-Булуң айылдык кеңешинин депутаттарынын маалыматын угуп, Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Сартбаеванын маалыматын эске алып , Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Булуң айыл аймагына караштуу Кең-Булун айылында “Кең-Булуң -Таза аймак” аттуу муниципалдык ишкана ачылсын.
2. Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы Сартбаева Динара Джумакадыровнага ”Кең-Булуң –Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип, юстиция министрилигинин каттоосунан өткөрүүсү милдеттендирилсин.
3. ”Кең-Булуң –Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын мүдүрү болуп Султанбаев Нурбек Сатыевич дайындалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Төрага | Р.Бабазов |