Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20- августу № 165/XXXIII-27
"Э.Буйляшев жөнүндө"
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 02.07.2011-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” №68 Конституциялык Мыйзамынын 21- беренесине ылайык, Э.Буйляшевдин арызынын негизинде, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин 2020-жылдын 20-августунан тартып эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен кызматтык милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу токтолсун.
2. 2020-жылдын 20-августунан тартып Люксембург айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылууаткаруу Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Байтокоевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Байтокоевага жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
| А.Кожонов |