Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-октябры №167/XXXIV-27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №65- токтомунун аткарылышы жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүн тейлөөдө иштеген жумушчуларга эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасанын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №65 токтомун аткаруу максатында Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбекова Люксембург айыл өкмөтүн тейлеген жумушчулардын эмгегин кайрадан эсептеп чыксын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
| А.Кожонов |