Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры №173/XXXV-27
Люксембург айыл аймагынын 2020-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы, Люксембург айыл аймагынын 2021-жылга бюджетин бекитүү, 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжол прогнозуна макулдук берүү жөнүндө
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын "Люксембург айыл аймагынын 2020-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2021-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү,2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжол прогнозуна макулдук берүү жөнүндө" маалыматын угупжана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү бюджеттин чыгымдары айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталганын белгилеп, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын маалыматы эске алынсын.
2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын киреше жана чыгаша боюнча отчету 21667,3 миң сом, анын ичинде атайын эсеп 50,0 миң сом суммасында бекитилсин.
3.Люксембург айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджети атайын эсеп менен кошо 21413,3 миң сом өлчөмүндө төмөнкүдөй бөлүнүп бекитилсин:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр – 5094,1 миң сом;
- турак-жай коммуналдык чарба – 9525,7 миң сом;
- китепкана – 447,6 миң сом;
- маданият – 235,4 миң сом;
- Киршелк орто мектеби – 999,5 миң сом;
- Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби – 2289,6 миң сом;
- бала бакча – 1371,4 миң сом;
- социалдык коргоо – 1000,0 миң сом;
- атайын эсеп – 450,0 миң сом.
Негизги эсеп боюнча бош калган каржы каражаттардын эсеби 3764,3 миң сом суммада.
Атайын эсеп боюнча бош калган каржы каражаттардын эсеби 8,9 миң сом суммада.
4. 2021-жылдын башына карата 50,0 миң сом суммасында бош калган каржы каражаттардын эсебинен жүгүртүүлүчү кассалык накталай акча каражаттары түзүлсүн
5. Өзгөчө кырдаалдар иштери,спорттук – маданий иш- чараларга дем берүү жана каржылык колдоо көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын 150,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонду түзүлсүн.
6. Штаттык ырааттама “Турак-жай-коммуналдык чарба” бөлүмүнө 693,3 миң сом суммасында жана “Маданият” бөлүмүнө 407,8 миң сом суммасында бекитилсин.
7. Люксембург айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык ырааттамасы бекитилсин.
8. Бош калган каржы каражаттардын эсеби 3764,3 миң сом суммасында бекитилип, анын ичинен: “Административдик персоналды башкаруу” бөлүмүнө 21111300 статьясына - 1309,2 миң сом Люксембург айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин бир айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акысынын социалдык фондго чегерүүлөрүн эске алуу менен сыйлоо үчүн:
- “Нооруз” майрамы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнү;
- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү;
- күзгү-кышкы даярдык;
-жылдын жыйынтыгы боюнча.
Кесиптик майрамы менен сыйлоо үчүн бир айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акысынын социалдык фондго чегерүүлөрүн эске алуу менен-40,0 миң сом: китепкана бөлүмүнө – 12,5 миң сом жана маданият бөлүмүнө – 27,4 миң сом.
2415,1 миң сом калдык акча каражаты 70629 “Турак-жай-коммуналдык чарба” бөлүмүнө 3111- статьясына багытталсын:
Киргшелк айылына светофор орнотуу- 800,0 миң сом;
“Василек” бала бакчасын тосмо менен тосуу- 314,4 миң сом;
Жайылма көчөсүндө электр мамычаларын жылдыруу – 300,0 миң сом;
БЧК көпүрөсүн оңдоо- 200,0 миң сом;
ҮДТ ны тосмо менен тосуу- 300,0 миң сом;
Я.Я.Ваккер атындагы орто мектептин спорт аянтчаларын оңдоо- 500,7 миң сом.
9. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу кирешелер жана чыгашалар боюнча 22057,3 миң сом суммасында жана 2023- жылга 22571,3 миң сом суммасында бекитилсин.
10. Люксембург айыл аймагынын 2021- жылга социалдык- экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
11.Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылга иштөө планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Председатель Люксембургского айылного кенеша |
| А.Кожонов |
Люксембург айылдык кенештин
2020-жылдын 29-декабрындагы № 173/ХХХV-27
токтомуна тиркеме
Ысык-Ата районунун Люксембург айыл өкмөтүнүн 2021-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Каржылоо булактары
| мөөнөтү (кайсыл ай же кварталда) | Жооптулар | ||
| |||||||
1 | Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү | 1.1. “Мастер-Фрост” тоңдурулган чала фабрикаттардын заводун куруу | Каржылоо булагы: ЖЧК “Мастер-Фрост” - 55840,0 миң сом. | 2021-жыл | Люксембург айыл өкмөтү ЖЧК “Мастер-Фрост” | ||
2 | 1.2. “Фрунзе гипермаркетин куруу
| Каржылоо булагы: ЖИ – 35000,0 миң сом. | 2021-жыл | Люксембург айыл өкмөтү “Фрунзе” гипермаркети | |||
Баардыгы: 2 долбоор, жалпы эсеби 90840,0 миң сом. Инвестиция – 90840,0 миң сом | |||||||
| |||||||
1
| Инфраструктура абалын жакшыртуу | 2.1. Айылдын ичинде көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин жүргүзүү | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети - 500,0 миң сом. | 2021-жылдын 3-кварталы | Люксембург “айыл өкмөтү “Эмгек-Люкс” муниципалдык ишканасы | ||
2 | 2.2. Киршелк айылындагы парк аймагын курчоо | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети - 700,0 миң сом. | 2021-жылдын 2-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү | |||
3 | 2.3. Айыл аймагындагы балдар аянтчаларынын тегерек четинин оңдоо иштерин жүргүзүү | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети – 1077,0 миң сом. | 2021-жылдын 3-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү “Эмгек-Люкс” муниципалдык ишканасы | |||
4 | 2.4. Ооган согушунун ардагерлеринин эстелигин оңдоо иштери | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети – 320,0 миң сом. | 2021-жылдын 2-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү | |||
5 | 2.5. Киршелк айылындагы суу мунарасын тазалоо иштери | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети – 500,0 миң сом. | 2021-жылдын 3-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү “Эмгек-Люкс” муниципалдык ишканасы | |||
Баардыгы: 5 долбоор, жалпы эсеби 3097,0 миң сом. Жергиликтүү бюджет –3097,0 миң сом | |||||||
Социалдык тармак | |||||||
| |||||||
1 | Билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана жаңы мектептерди куруу
| 3.1. Я.Я.Ваккер атындагы орто мектебинин чатырын оңдоо иштерин жүргүзүү
| Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети - 2343,0 миң сом. | 2021-жылдын 2-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби | ||
2 | 3.2. Я.Я.Ваккер атындагы орто мектебинин баскетбол аянтчасын оңдоо иштерин жүргүзүү | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети –500,7 миң сом. | 2021-жылдын 2-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби | |||
3 | 3.3.Киршелк орто мектебинин от калоо казанын алмаштыруу иштери | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети – 780,0 миң сом. | 2021-жылдын 3-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү | |||
4 | 3.4. Люксембург айылында жайгашкан “Василек” бала бакчасын тегерек четин курчоо иштери | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети - 500,0 миң сом. | 2021-жылдын 3-кварталы | Люксембург айыл өкмөтү | |||
Баардыгы: 4 долбоор, жалпы эсеби 4123,7 миң сом. Жергиликтүү бюджет – 4123,7миң сом | |||||||
| |||||||
1 | Саламаттыкты сактоо | 4.1. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун убактылуу имаратынын тегерек четин курчоо иштери | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети - 300,0 миң сом. | 2021-жылдын аягына чейин | Люксембург айыл өкмөтү | ||
2 | 4.2. Киршелк айылындагы ФАП имаратынын оңдоо иштери | Каржылоо булагы: Люксембург айыл өкмөтүнүн бюджети - 500,0 миң сом. |
|
| |||
Баардыгы: 2 долбоор, жалпы эсеби 800,0 миң сом. Жергиликтүү бюджет – 800,0 миң сом | |||||||
Баардыгы болуп : 13 долбоордун жалпы суммасы 104060,7 миң сом, анын ичинен тармактар боюнча: - Өнөр жай – 2 долбоор, жалпы эсеби 90840,0 миң сом; - Инфраструктураны жакшыртуу - 5 долбоор, жалпы эсеби 3097,0 миң сом; - Социалдык чөйрө: 4 долбоор, жалпы эсеби 4123,7 миң сом; - Саламаттыкты сактоо: 2 долбоор, жалпы эсеби 800,0 миң сом. жергиликтүү бюджеттен – 8020,7 миң сом инвестиция – 96040,0 миң сом. | |||||||
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшев
Люксембург айылдык кенештин
2020-жылдын 29-декабрындагы № 173/ХХХV-27
токтомуна тиркеме
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫСЫНЫН 2021- ЖЫЛГА КАРАТА ИШ ПЛАНЫ
№ | КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕНИН МАЗМУНУ | АТКАРУУ МӨӨНӨТҮ | АТКАРУУЧУ |
1. | Жыл башында аткарылуучу иштердин планын тузуп бекитүү. Курултайга даярдануу жана өткөрүү | Январь, февраль | Жооптуу катчы А.А. Байтокоева, айыл өкмөтүнүн аппараты |
2. | Советтик аскердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын күнүн 30 жылдыгын белгилөө жөнүндө | январь | Социалдык маселелер боюнча адис |
3. | 8-март Аялдардын Эл Аралык күнүн өткөрүү жөнүндө | февраль | Социалдык маселелер боюнча адис |
4. | 21-март Нооруз майрамына арналган күнүн өткөрүү жөнүндө | февраль | Социалдык маселелер боюнча адис |
5. | Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету жана 2021-жылга карата иш планы. | февраль | Өскүлөңов А.М. |
6. | 2021-жылдын 1- кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы (Салык боюнча) | апрель | Кибраев Э.У. |
7. | “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жениш күнүн майрамдоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү” аткаруу жөнүндө | май | Социалдык маселелер боюнча адис |
8. | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” № 63 жарлыгын аткаруу
| май | Социалдык маселелер боюнча адис |
9. | Ысык-Ата районунда калктуу конуштардын аймактарында, айлана чөйрөнү тазалоо жана инфраструктураны көтөрүү, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын жыйынтыгы жөнүндө | май | Айыл башчысы “Эмгек-Люкс” МИ |
10. | “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын” ишке ашыруу боюнча иш жүргузүү | июнь | Участкалык инспекторлор, Айыл башчысы
|
11. | Жогорку органдар жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан келген иш кагаздардын аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө | июнь | Жооптуу катчы А.Байтокоева |
12. | Жашоочулардан түшкөн арыздардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өз учурунда чечүү боюнча жүргузүлгөн иштер | ар-дайым | Жооптуу катчы А.Байтокоева |
13. | Я.Я.Ваккер атындагы жана Киршелк орто мектептеринин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | август | Мектеп директорлору
|
14. | 31-август Кыргыз Респуликасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун салтанатууу иш чарасы жөнүндө | август | Социалдык маселелер боюнча адис |
15. | Люксембург айыл аймагынын экономика-тармактары менен калкын 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө |
| Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбекова |
16. | Карылар күнүн бир айлыгын өткөрүү боюнча | сентябрь | Социалдык маселелер боюнча адис |
17. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы №600 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы жөнүндө” токтомун аткаруу | октябрь | Жаштар жана спорт иштери боюнча комитетинин төрагасы |
18. | Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бир айлыгын өткөрүү | ноябрь | Социалдык маселелер боюнча адис |
19. | Люксембург айыл аймагынын 2021-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2022-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө | декабрь | Айыл өкмөтүнүн башчысы, Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбекова |
20. | Люксембург айыл аймагынын 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана Люксембург айыл аймагынын 2022-жылгакарата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө | декабрь | Айыл өкмөтүнүн башчысы Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбекова |
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Буйляшев