Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Отуз алтынчы кезектүү сессия
2021-жылдын 26 -февралы № 179/XXXVI-27
Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чогултуунун ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 12-1 жана 12-2 беренелерине , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 11-пунктуна ылайык, талкуулап жана пикир алмашып, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагынын аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн акы киргизүү.
2. 2021-жылга карата калктуу конуштардын аймагынан таштанды чогултуу үчүн юридикалык жактардан ар бир кызматкер үчүн 100 сом өлчөмүндөгү ставка бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү ушул токтом менен айыл аймагынын аймагында жайгашкан бардык юридикалык жактарды кол тамгасын коюу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Э.Кибраевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
| А.Кожонов |