Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 181/XXXVII-27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевди иштен бошотуу жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин “Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Буйляшев Эсенбол Туратовичтин иштен өз калоосу менен бошонуу жөнүндө” арызын карап чыгып жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Буйляшев Эсенбол Туратовичти 2020-жылдын 10-мартынан баштап иштен өз калоосу менен арызынын негизинде бошотулсун.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекова Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акыркы эсептешүүнү жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
| А.Кожонов |