Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 33-кезектеги сессиясы
2020 жылдын 21 январы № 2
«Фрунзе айыл өкмөтүнүн штаттык ыраатамасына өзгөрүү киргизүү жөнүндө»
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковдун Фрунзе айыл өкмөтүнүн штаттык ыраатамасына өзгөрүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн штаттык ыраатамасында «Башкы адис – юрист» (С-Б) штаттык бирдиги «Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис» (С-Б) штаттык бирдигине которулсун.
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковдун тарабынан өзгөрүү киргизилген штаттык ыраатамасы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | К.Токоев | ||