Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 5
«Фрунзе айыл аймагында 2018-2022-жылдары стратегиялык планга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси Г.А.Худайбергенованын Фрунзе айылдык кеңешинин 31.01.2018-ж. №7 кабыл алынган чечиминин негизинде 2018-2022-жылдардары стратегиялык планга өзгөртүү киргизүү керектиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Инвестициялык планга «Фрунзе айыл аймагынын 2018-2022-ж. стратегиялык планынын», «билим берүү» бөлүгүнө «Фрунзе №1 гимназиялык орто мектебине сыртка ажаткана куруу» бөлүмү киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |