Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 34-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 11-февралы №6
«Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына үстөк төлөм белгилөө жөнүндө»
Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегиндеги 42 пунктунун 17 пунктчасына ылайык “компьютер менен иштөө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27- апрелиндеги № 258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү” жөнүндөгү токтомуна жана Эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын кеңешмесинин № 1 Протоколуна ылайык Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 27-январындагы № 10 сандуу электромагниттик нурлануунун жана чуу көлөмүн өлчөө протоколунда көрсөтүлгөн Фрунзе айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына 25% пайызга чейинки өлчөмдө белгиленип жана 2020-жылдын 01-февралынан баштап эсептөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөсү Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |