Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 35 кезексиз сессиясы
2020-жылдын 18-марты № 7/1
COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу жана Фрунзе айыл аймагынын экономикалык жана социалдык туруктуулугуна терс таасирин азайтуу үчүн, Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен пландаштырылбаган чыгымдарга макулдук берүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковдун маалыматын угуп жана талкуулап жана Фрунзе айылдык кенешинин туруктуу бюджеттик комиссиясынын отурумунунун протоколунун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттин планынан тышкары кийинки чыгашаларга каражат бөлүнүп берилсин:
· Калктын социалдык аялуу катмары үчүн гуманитардык жардам сатып алуу үчүн.
· Карантин учурунда бекитилген графикке ылайык Фрунзе айыл өкмөтүнүн аппаратынын ишине байланыштуу кызматкерлерге жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн.
· Фрунзе айыл аймагынын өткөрүү пункттарында көзөмөлдөө үчүн ДНД пайда болушуна байланыштуу, ДНД-лерди күйүүчү-майлоочу материалдар менен жана ЖКК менен (жеке коргонуу каражаттары) камсыздоо үчүн.
· Фрунзе айыл аймагынын тутумдуу дезинфекциялоо үчүн керектүү каражаттарды (хлор) сатып алуу үчүн
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыков жана Фрунзе айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясы менен билгиликте, айыл өкмөттүн сарпталган бюджеттик каражаттары жөнүндө отчет берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |