Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 36-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 2-июну № 11
ОсОО “Нур-Телеком” компаниясына жер участогун арендага берүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковтун ОсОО “Нур-Телекомдун” кат жүзүндө жазган кайрылуусу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нур-Телеком” компаниясына Комсомольское айылындагы Школьная б/н көчөсүндө жайгашкан 25 кв.м жер тилкесин телекомуникация мунарасын орнотуу үчүн арендага берилсин.
2. “Нур –Телеком” компаниясына Фрунзе айыл өкмөтүнүн эсебине ар айлык жана ар дайым келишимдин негизинде ижара акысын төлөөгө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча башкы адис Б.Н.Назаровага жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |