Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 37 кезексиз жыйыны
2020-жылдын 18-июну № 12
«Фрунзе айылдык кеңешинин жоопту катчысынын кызмат оордун ээлөөгө, улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүү жөнүндө»
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жоопту катчынын убактылуу милдетин аткаруучу К.К.Кычанованын Фрунзе айылдык кеңешинин жоопту катчысынын кызмат оордун ээлөөгө, улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүү муктаждыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылдык кеңешинин жоопту катчысынын кызмат оордун ээлөөгө, улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматына кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө убактылуу жоопту катчынын милдетин аткаруучу К.К.Кычановага жүктөлсүн.
Төрага | К. Токоев |