Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 37 кезексиз жыйыны
2020-жылдын 18-июну № 14
Жерлерди которуу жөнүндө
№ 67-контурда жайгашкан 8,2 га аянттагы жерлерди короолорго, көчөлөргө ылайыкташтырылган жердин түрү боюнча "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу үчүн берилген материалдарды карап чыгып, жер тилкелерин өткөрүп берүү боюнча Сокулук райондук комиссиясынын 2020-жылдын 12-февралындагы корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 67-контурда жайгашкан 8,2 га аянттагы жерлерди короолорго, көчөлөргө ылайыкташтырылган жердин түрү боюнча "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жерге жайгаштыруу ишин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |