Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-июлу № 19/1
«Бюджеттин 2021-2023-жж. киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө»
Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.К. Кубанованын Фрунзе айылдык кеңешинин бюджетинин 2021-2023-жж. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкууланып Фрунзе айылдык кеңши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2021-2023-жж. киреше бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
- 2021-жылга 18615,7 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
- 2022- жылга 18623,0 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
- 2023-жылга 18627,1 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы 2000,0 миң сом.
2. 2021-2023-жж. бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
- 2021-жылга 18615,7 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
- 2022- жылга 18623,0 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
- 2023-жылга 18627,1 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы 2000,0 миң сом.
3. 2021-2023-жж. бул бюджет долбоору Кыргыз Республикасынын каржы министирлигине жөнөтүсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага: | К.О. Токоев |