Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 39 кезектеги сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 20
“Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”
Социалдык маселелер, маданият, байланыш жана көрктөндүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын М.Дж.Усманалиевдин С. Халматовага, Е.Н Родионовага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөнкү жашоочуларына материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүнүп чыгарылсын:
· Фрунзе а. Институт көчөсүнүн №3/3 үйүнүн тургуну С.Халматовага, А. Мамыталиев күйөөсүнүн дарылануусуна 5,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
· Комсомол а. Средняя көчөсүнүн №56/6 үйүнүн тургуну Е.Н. Родионовага 2019-жылы туулган Б.Д. Родионова кызынын операциясына 5,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага: | К.О. Токоев |