Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 39-кезектеги сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 21
Фрунзе айыл аймагындагы жерлерди которуп берүү боюнча өтүнүч
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Н. Назарованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жана 2020-жылдын 11-сентябырындагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын протоколунун негизинде жана “Луч” багбанчылыгынын бирикмесинин төрагасы - А.Д. Алымовдун, “Бакайыр” багбанчылыгынын бирикмесинин төрагасы - Б.К. Чыналиевдин кайрылууларынын негизинде Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Луч” багбанчылыгынын бирикмесинин 20 га жери, жана “Бакайыр” багбанчылыгынын бирикмесинин 12,9 га жери “айыл” статусун алуу үчүн “айыл чарба жерлери" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуп берүү жөнүндө Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч жиберилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага: | К.О. Токоев |