Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Фрунзе айылдык кеңешинин XXVIII чакыруунун 41 кезексиз сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 27
“Максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө”
Фрунзе айылындагы Институтская көчөсүндөгү №н/ж жер участогунун кондитердик цехтен жеке турак жай курулушка максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө 2020-жылдын 20-ноябрындагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын отурумунун №9 протолунун негизинде жана Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы К.О.Токоевдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылындагы Институтская көчөсүндөгү №н/ж аянты 5159,2 кв.м. жер участогунун кондитердик цехтен жеке турак жай курулушка максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул жер Фрунзе айылынын борборундагы социалдык жана маданий объектилеринин жанында жайгашкандыгына байланыштуу, бул жердин ээсин санитардык-экологиялык нормаларды жана үйлөрдү салууда архитектура жана көркөм көрүнүшүн сактоого,курулуш объектисин талаптагыдай техникалык деңгээлде, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда кармоону суранабыз.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага: | К.О. Токоев |