Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 31-июлу ПЖ № 403
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү жана
сатып өткөрүү жагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча
чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 4-июлундагы Указына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Дыйкан (фермер) чарбалар өстүргөн айыл чарба продукциясын сатып
өткөрүүдө аларга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында токтом кылам:
1. "Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү жана сатып
өткөрүү жагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 4-ию-
лундагы № 261 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2- жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Айыл чарба продукциясын сатып алуу жана сатып өткөрүү боюнча
функциялар "Кыргызресурстары" жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасынын "Бишкек" соода үйү" мамлекеттик ишканаларына
жүктөлсүн.
3. "Кыргызресурстары" жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
башкармасынын "Бишкек" соода үйү" мамлекеттик ишканалары Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагында айыл чарба продукциясын даярдоону жана сатып
өткөрүүнү өз учурунда жана сапаттуу өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык
маселелерди чечсин.";
5-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"айыл чарба продукциясын даярдоого жана сатып өткөрүүгө "Кыргызре-
сурстары" жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын
"Бишкек" соода үйү" мамлекеттик ишканаларына ар жылдык жењилдетилген
кредит берүү үчүн финансылык ресурстарды тапсын".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев