Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 41 кезексиз сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 32/1
«Акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө»
Комсомол айылынын Средняя көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну Ибрагимов Халмурат Абдызаировичтин 2020-жылдын 11-декабрынан 18-декабрына чейин өтө турчу грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк кубокко катыша тургандыгына байланыштуу жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн “Спорт, маданият жана жаштар иштери” боюнча муниципалдык ишканасынын мүдүрү А.А.Абдыкааровдун финансылык жардам көрсөтүү боюнча жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен Комсомол айылынын Средняя көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну спортчу Ибрагимов Халмурат Абдызаировичке 20,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.Кубановага жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |