ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 44 кезексиз сессиясы
2020-жылдын 16-декабры № 33
“Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерге которуу жөнүндө”
Сокулук райондук жер участкаларын которуу боюнча комиссиянын 2020-жылдын 1-декабрындагы Фрунзе айыл өкмөтүндөгү Комсомол айылындагы №33 (1,1 курулуштардын астында), №34 (1,44 курулуштардын астында) контурундагы жайгашкан жалпы аянты 2,54 га түзгөн айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерге которуп, текстиль тигүү фабрикасын жайгаштыруу жөнүндөгү корутундусуна ылайык, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Жолдубаевдин жеке менчиктеги Фрунзе айыл өкмөтүндөгү Комсомол айылындагы №33 (1,1 курулуштардын астында), №34 (1,44 курулуштардын астында) контурундагы жайгашкан жалпы аянты 2,54 га текстиль тигүү фабрикасын жайгаштыруу үчүн айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерге которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Фрунзе айыл өкмөтү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жерге жайгаштыруу көктөмөсүн мындан ары чечим кабыл алуу үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |