Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 44 кезексиз сессиясы
2020-жылдын 16-декабры № 37
“Муниципалдык кызматчысынын кызматтык нускамасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасынын негизинде жана Фрунзе айыл өкмөтүнүн жоотпу катчысы Т.И.Тюлемишованын Фрунзе айылдык кеңешинин жоопту катчысынын кызматтык нускамасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылдык кеңешинин жоопту катчысынын кызматтык нускамасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ№17 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Т.И.Тюлемишовага жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |