Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 2-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 3
«Материалдык жардам берүү жөнүндө»
Фрунзе айылдык кеңешинин төрагасы Ш.Ш.Исмаиловдун маалыматын угуп чыгып, жана Фрунзе Садовая көчөсүнүн 6/3 үйүнүн тургуну Т.Откулбек у.-нун материалдык жардам берүү жөнундө арызынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен Фрунзе айылынын Садовая көчөсүнүн 6/3 тургуну Т.Откулбек у. кызынын операциясын өткөрүүгө 20,000 (жыйырма миӊ) сом материалдык жардам бөлүнүп берилсин.
2. Операцияга кошумча каражат чогултуу үчүн "Жакшылык марафонун" өткөрүү жагы Фрунзе айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Исмаилов |