Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 4-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 4
«Бюджеттин 2022-2024-жж. киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө»
Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.К. Кубанованын Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-2024-жж. киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Фрунзе айылдык кеңши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджеттин 2022-2024-жж. киреше бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
-2022-жылга 20041,6 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
2023- жылга 20108,7 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
-2024-жылга 20175,7 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
2. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджеттин 2022-2024-жж. чыгаша бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
-2022-жылга 20041,6 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миңсом.
-2023- жылга 20108,7 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
-2023-жылга 20175,7 миң сом. Атайын эсеп счеттун суммасы боюнча 2000,0 миң сом.
3. 2022-2024-жж. бул бюджет долбоорун Кыргыз Республикасынын каржы министирлигине жөнөтүсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Исмаилов |