Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакыруунун 45-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 4
«Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесин кайра каттоо жөнүндө»
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И. Тюлемишованын «Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесин кайра каттоо жөнүндө жана жана «Фрунзенский айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уставдын жаңы редакциясынын бекитилгендигине жана юридикалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык округунун Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн:
Толук фирмалык аты:
-мамлекеттик тилде: «Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекеме;
-расмий тилде: Учреждение «Фрунзенский айыл окмоту Фрунзенского айылного аймака Сокулукского района Чуйской области».
Кыскартылган фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде: «Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» М-е;
-расмий тилде: У-е «Фрунзенский айыл окмоту Фрунзенского айылного аймака Сокулукского района Чуйской области».
2. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Сыдыковго жүктөлсүн.
3. Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айылдык кеңеши токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтарды ишенимдүүлүгүн жана мыйзамдарда белгиленген учурларда юридикалык жактын кайра каттоо маселелерин тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын тастыктайт.
Төрага | Токоев К.О |