Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 25-(кезексиз) сессиясы
2019-жылдын 25-июну № 19
Фрунзе айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Н.С.Эгинбаевдин Фрунзе айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын сандык жана персоналдык курамы төмөнкү тизмеге ылайык бекитилсин.
Рахимов Петр Аблизович - Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты – комиссиянын төрагасы;
Эгинбаев Нурлан Сыдыкович - Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты - комиссиянын төрагасынын орун басары;
Тюлемишова Таалай Ишенбековна - Фрунзе айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
Ибрагимов Жаудат Махмутович - Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты;
Назарова Бурул Назаровна - Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жер жана турак жай коммуналдык чарба боюнча башкы адиси;
Кубатбеков Касым Кубатбекович Фрунзе айыл өкмөтүнүн башкы адиси – юрсити;
Алымсеитов Адылбек Джекшенович- Фрунзе айыл өкмөтүнүн Жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси
Байысбекуулу Бек - Директор МПКБ «Тазалык-Сервис»,
КасымовСулхадин- сот аксакалынын төрагасынын орун басары
Төрага | Токоев К.О |