Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 26-(кезексиз) сессиясы
2019-жылдын 10-июлу № 21
«2020-2022 жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша боюнча бөлүгүн бекитүү жөнүндө»
2020-2022 жылдарга бюджеттин долбоорун киреше жана чыгаша боюнча бөлүгүн өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Д.Ибраимованын баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2022 жылдарга бюджеттин киреше боюнча бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
2020 жылга - 18057,0 миң сом суммада. Атайын каражат боюнча 1200,0 миң сом суммада.
2021 жылга -18571,3 миң сом суммада. Атайын каражат боюнча 1200,0 миң сом суммада.
2022 жылга -18584,8 миң сом суммада. Атайын каражат боюнча 1200,0 миң сом суммада.
2. 2020-2022 жылдарга бюджеттин чыгаша боюнча бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүгө ылайык бекитилсин:
2020 жылга - 18057,0 миң сом суммада. Атайын каражат боюнча 1200,0 миң сом суммада.
2021 жылга - 18571,3 миң сом суммада. Атайын каражат боюнча 1200,0 миң сом суммада.
2022 жылга - 18584,8 миң сом суммада. Атайын каражат боюнча 1200,0 миң сом суммада
3. 2020 жылга бул бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | Токоев К.О |