Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 29-(кезексиз) сессиясы
2019-жылдын 22-октябры № 28
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Социалдык маселелер, маданият, байланыш жана көрктөндүрүү, билим берүү жана ден-соолук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Дж. Усманалиевдин Р.Жузумалиевага, Э.Усеиновага, Мырзабек к.А. и А.А. Хасимовго материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөндөгү жашоочуларга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлүнсүн:
Озерное айылынын Клуб көчөсүнүн №3 жашоочусу Р. Жузумалиеванын 2009 жылында туулган Джузумалиева Саадат –кызына коллагендик жиптерин имплантациялоого 15,0 миң сом;
Комсомол айылынын Тупик көчөсүнүн №5 жашоочусу Э.Усеиновага дары алууга 5,0 миң сом;
Фрунзе айылынын жашоочусу Мырзабек к.Алтынбүбүнүн 2009 жылы туулган уулу Р.Кеңешбековдун диагнозу травмадан кийинки сол көзүн операция кылуу үчүн 15,0 миң сом,
Комсомол айылынын Мектеп көчөсүнүн №30 жашоочусу 1970 жылы туулган А.А. Хасимовго бөйрөктөрүн текшерүү жана операция кылуу үчүн 15,0 миң сом;.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Н.Омаралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.О.Токоев |